«Арча-Бешик» конушуна суу графикке ылайык берилип жатат.
«Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет.
— 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
— 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү;
— 19-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;
— 20-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү ж.б.
«Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде «Башкара-Суу» суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган»,-деп жазылат маалыматта.