• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШИИБ: Эки кызды 60 жаштагы КамАЗдын айдоочусу сүзүп кеткен

17 Чын куран 2018 10:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.04.2018. Govori.TV
Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде жол өтмөктөн өтүп бара жаткан эки кызды сүзүп кеткен айдоочуга  кылмыш иши козголду. Бул туурасында  Бишкек ШИИБнын басам сөз борборунан Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.
«КамАЗдын  айдоочусу 1957-жылы туулган Д.А аттуу жаранга 281-берене (Транспорт каражаттарын кыймылынын жана аларды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кыздар 1996-жылкы экени аныкталды. Учурда бул боюнча тергөө иш алып барууда» -дейт Оморов.
Белгилей кетсек, кечээ 16-апрелде Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде жол өтмөктөн өтүп бара жаткан эки кызды жүк ташуучу унаа  сүзүп 15-20 метрдей сүйрөп кеткен. Кыздар ошол жерден каза болгон.
Количество просмотров: 16