• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

БШК 18 талапкердин топтогон колун жарактуу деп тапты

12 Бештин айы 202011:06 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстандын президенттигине талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, БШК 11-декабрдагы жыйынында бул маселени карап, тиешелүү протоколду бекиткен. Анда президенттикке талапкер болуш үчүн арыз берген:

  1. Бабыржан Төлбаев;
  2. Садыр Жапаров;
  3. Аймен Касенов;
  4. Арстанбек Абдылдаев;
  5. Равшан Жээнбеков;
  6. Курсан Асанов;
  7. Элдар Абакиров;
  8. Адахан Мадумаров;
  9. Абдил Сегизбаев;
  10. Жеңишбек Байгуттиев;
  11. Мыктыбек Арстанбек;
  12. Клара Сооронкулова;
  13. Рашид Тагаев;
  14. Бактыбек Калмаматов;
  15. Каныбек Иманалиев;
  16. Имамидин Ташов;

17 Канатбек Исаев;

  1. Улукбек Кочкоров топтогон 30 миң адамдын кол тамгасы жарактуу деп табылган.

Ал эми БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан колун жараксыз деп тапкан. Чороев Боршайкомдун чечимин сотко берди.

БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болууга арыз бергендер чогулткан колду кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана бир миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес.

14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

Количество просмотров: 370