• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

БШК: 8 шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү

14 Аяк оона 2020 17:17 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү. Бул тууралуу 14-сентябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын төмөнкү даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.

  1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагынын № 7132 шайлоо участогунун дареги: Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан, А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына;
  2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагынын № 7142 шайлоо участогунун дареги: Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү, 2 дарегиндеги «Алтын Балалык» бала бакчасынын имаратына;
  3. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын № 7136 шайлоо участогунун дареги: Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү, 27 дарегиндеги О.Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин имаратына;
  4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын № 3100 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек атындагы орто мектебинин имаратына;
  5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын № 3112 шайлоо участогунун дареги: Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына;
  6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын № 3106 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына;
  7. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагынын № 3104 шайлоо участогунун дареги: Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Ажын шоссесинин боюндагы Туманов атындагы орто мектебинин имаратына;
  8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын № 3128 шайлоо участогунун дареги: Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектебинин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына.
Количество просмотров: 46