• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

БШК Абировду талапкер кылып каттоодон баш тартты

2 Баш оона 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-августта Жаныбек Абировдун Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер болуп катышуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясы карады.

Маалым болгондой, жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу арызын четке каккан жыйынтык чыгарган. Сунуш бүгүн добушка коюлуп, аны БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, үчөө каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 28-июлда арыз берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү ал кайра шайлоого катыша албай турганын билдирген. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам боюнча кайра шайлоонун дайындалышына негиз болгон адам кайра талапкер боло албайт.

Эске салсак, Абиров үстүбүздөгү жылдын март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 330