• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

БШК Айгүл Айдаровага мандат берди

25 Үчтүн айы 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Айдарова Айгүл Абдисаламовна «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Белгилүү болгондой, БШК токтому менен Айдарова Айгүл Абдисаламовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Количество просмотров: 353