• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

БШК «баарына каршы» жана «парламенттик республика» топторун каттады

23 Бештин айы 202012:40 Бишкек Govori.TV

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) жана «парламенттик республика» үгүт топторун каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.

БШКнын расмий сайтында маалымдалгандай, 2020-жылдын 18-декабрында БШКга «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобу арыз менен кайрылды.

Жетекчиси – Шабдан уулу Чынарбек.

Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси:

  • Шабдан уулу Чынарбек (жетекчи)
  • Абадбек уулу Сагындык
  • Жаныбаев Урмат Тимурович
  • Жекшеев Азият Жыпарович
  • Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович
  • Казакбаев Урматбек Абдыбекович
  • Курманкожоев Султанбек Садырович
  • Мукамбетов Таалайбек Байышбекович
  • Рахманов Бексултан Элчибекович
  • Сыдыгалиева Нурайым Жаныбековна.

Ошондой эле 2020-жылдын 16-декабрында Боршайкомго «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобу арыз менен кайрылды. Жетекчиси – Бекешев Дастан Далабайевич, курамында 13 киши бар:

  • Бекешев Дастан Далабайевич (жетекчи)
  • Алагөз уулу Азамат
  • Асанбек уулу Адилет
  • Довлотов Бектур Сейитбекович
  • Калдыбек кызы Батма
  • Насыкулов Урмат Омургазиевич
  • Рычкова Анна Петровна
  • Сайтбурхан кызы Перизат
  • Талантбек уулу Азамат
  • Турарбеков Насип Турарбекович
  • Турдубеков Улукбек Бактыбекович
  • Шаршенова Айзада Туратбековна
  • Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович.
Количество просмотров: 47