Бишкек.19.01.18.Govori.TV
Бүгүн 19-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу жазган арызын карайт. Бул туурасында БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Govori.TV сайтына билдирди.
«“Республика — Ата-Журт” фракциясынан депутаты Өмүрбек Бабановдон депутаттык мандаттын тапшыруу боюнча жазылган арызы кече 18-декабрда келип түшкөн. Бүгүн жумушчу топ жазылган арызды карап жатат. Бабановду мандатынан ажыратуу боюнча чечим жумушчу топтун чечиминен кийин чыгат» дейт Бекматов.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов былтыр октябрь айында өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген болчу.