• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

БШК Бакировдун депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарды

27 Баш оона 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечимдерин карады.

26-августта өткөн жыйында БШКнын 12 мүчөсү Бакировду депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу токтомдун долбоорун бир добуштан колдоду.

Эске салсак, 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган. 7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 100