• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

БШК Бактыбек Турусбековду депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарды

27 Бугу 202413:49 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-майдагы жыйынында Бактыбек Турусбековду «Ынтымак» cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

Чечим  Турусбековдун өз арызынын негизинде кабыл алынган.

Бактыбек Турусбеков №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча талапкерлиги көрсөткөн. Ал VI чыгарылыштын депутаты болгон.

Количество просмотров: 128