• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Турусбеков: Референдум дайындоодо регламент бузулган жок

11 Жалган куран 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

Референдум дайындоодо регламент бузулган жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков билдирди.

«Регламент бузулган жок. Шарттары менен комитеттен өтүп, талкуу болду. Анын баарына күбө болдуңуздар. Жыйынга келбеген депутаттардын дарегине сын-пикирлер айтылды эле баары келип катышты. А түгүл абакта жаткандар дагы келип добушун берди. Ким кандай добуш берет өзүнүн укугу»,-деди Турусбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришти.

Количество просмотров: 115