• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаров боюнча арызын кароого киришти

1 Бештин айы 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 1-декабрда Башкы прокуратуранын президенттик шайлоого катыша турганын билдирген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы жолугушуусу боюнча арызын карай баштады.

Адахан Мадумаровдун өкүлү Артур Бакиров жумушчу топ кабыл алынган чечим БШКнын жалпы жыйынында карала турганын билдирди.

БШКнын жумушчу тобу Мадумаровдон башка президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген саясатчылардын үстүнөн тұшкөн арыздарды да карамакчы.

24-ноябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштеринин белгилерин кароону сунуштаган.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар жолугушкан.

Мадумаров Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Боршайкомго кайрылган. БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турганын, ал бийликте отурган кезде аймактарды кыдырганы да үгүткө жатаарын билдирген.

Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында аймактарды иш боюнча кыдырып чыкканын айткан.

Башкы прокуратуранын 24-ноябрдагы билдирүүсүндө үгүт эрежесинин бузулганы боюнча Садыр Жапаровдун ысымы аталган видео да текшериле турганы айтылган.

Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 81