• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

БШК бир нече талапкер менен КТРКны айыпка жыкты

8 Үчтүн айы 2021 23:00 Бишкек Govori.TV

 Президенттик шайлоонун алдында үгүт эрежелерин бузуу фактысы боюнча талапкерлерге жана КТРКнын директоруна жалпы суммасы 55 миң сомдук айып салынды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча, жогоруда аталган тараптардын баары айып пул төлөп, кутулган

Үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылгандар төмөнкүлөр:

Өзгөн районунда «Кароол айылынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчисине талапкердин штабы менен макулдашпай туруп үгүт материалдарын чыгарганы үчүн 7500 сом;

Талапкер Адахан Мадумаров — үгүт иштерине жашы жете элек балдарды катыштырганы үчүн талапкердин Баткен райондук штабынын жетекчисине 7500 сом;

КТРК — шайлоо процессинин катышуучуларына маалыматты бирдей жеткирүүдө эреже бузганы үчүн, тагыраак айтканда, теледебаттын 1-турунун 30-декабрдагы видеосунун YouTube каналынан өчүрүлүшү боюнча телеканалдын директору Бактияр Алиевге 5500 сом;

Талапкер Имамидин Ташов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом;

Талапкер Садыр Жапаров — эл менен жолугушуу учурунда театралдаштырылган көрсөтмө уюштурганы үчүн анын Каракол шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге 7500 сом;

Талапкер Бактыбек Калмаматов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом;

Количество просмотров: 363