• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК бир нече талапкердин кол тамгаларын жарактуу деп тапты

11 Бештин айы 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлер чогулткан кол тамгаларды текшерүүнү улантууда.

11-декабрь күнү Боршайком Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Аймен Касенов, Садыр Жапаров, Арстанбек Абдылдаев жана Курсан Асанов чогултуп келген кол тамгаларды жарактуу деп тапканы кабарланды. Бүгүн кол тамгаларды текшерүүнүн акыркы күнү.

Буга чейин БШК талапкерлер Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Кубан Чороев Боршайкомдун чечимин сотко берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт. 14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге жарышка түшүүгө укук берүүчү күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

Количество просмотров: 98