• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

БШК Бишкек мэрин шайлоону токтотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты

6 Баш оона 2018 18:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу тууралуу «Биздин укук» коомдук фондунун өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов маалымдады.
“Биздин укук” коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиева муну «мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек» деп түшүндүргөн.
Ошондой эле, БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов кайрылуудагы талаптар негизсиз деп табылганын айтты:
— Мыйзамдагы эрежелерге ылайык, талапкер жалгыз болсо да шайлоо өткөрүлөт. Ошондуктан БШК кайрылууну четке какты.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, А.суракматовдун арызы кабыл алынган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.
Ал эми шаардык кеңеште мэр шайлоо 8-августта өтөт.
Количество просмотров: 8