• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп тааныды

26 Теке 2021 20:37 Бишкек Govori.TV

11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды. Мындай чечимди БШК бүгүн, 26-июлда кабыл алды.

Жалпы жонунан шайлоо укугун 104 141 шайлоочу колдонгон. Жарактуу бюллетендин саны 103 431 болсо, 710у жараксыз деп таанылган. Шайлоодо 18 партия ат салышты.

Жети пайыздык чектен 6 партия өттү:

  • «Эмгек» — 11 мандат;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 9 мандат;
  • «Ишеним» — 8 мандат;
  • «Ынтымак» — 7 мандат;
  • «Өнүгүү-Прогресс» — 5 мандат;
  • «Социал-демократ» — 5 мандат.
Количество просмотров: 74