Бүгүн, 19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгек” партиясынын аймактык шайлоо комиссиянын (АШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимине байланыштуу арызын карап канааттандырган жок.
«Эмгек» партиясы Бишкек ТИКтин борбордогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилген.
БШКнын чечимине ылайык Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо өтмөкчү.
Ал эми кечээ бул арызды БШКнын жумушчу тобу карап, канааттандырганы айтылган.
АШК 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтеттилгени, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.
Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоону жокко чыгаруу тууралуу АШКнын чечимин күчүндө калтыруу талабы менен бир катар партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөргөн.
Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.
Эске салсак, буга чейин Ош жана Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.