БШК дагы 42 эл аралык байкоочуну каттады
22 Бештин айы 20209:22 Бишкек Govori.TV
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы дагы 42 эл аралык байкоочуну президенттик шайлоого аккредитациялады.
Боршайкомдон билдиришкендей, 21-декабрга карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен 15 эл аралык уюмдардын атынан келген 120 эл аралык байкоочуну каттаган:
Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу; Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1; Молдова БШКсынан – 2; КМШ ПАА – 34; КМШ Миссиясы – 4; Азербайджан БШКсынан – 1; ЕККУ ДИАУБ – 34; РФ БШКсынан – 1; К. Аденауэр атындагы фонд – 1; КРдагы Япония элчилигинен – 2; КРдагы РФ элчилигинен – 2; КРдагы Монголия элчилигинен – 1; КРдагы Азербайжан элчилигинен – 2; КРдагы Өзбекстан элчилигинен – 2; ТТӨКК (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен) – 6 байкоочу.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Подписаться:
Количество просмотров: 71