• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

БШК Дастанбек Жумабековго айыппул салды

24 ноября 2021 в 9:01 Бишкек Govori.TV

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастанбек Жумабековго эки айыппул салды.

Таластын Манас районундагы №20 бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон Жумабеков «Фейсбукка» жарыялаган үгүт тасмасынын каржылык булагын көрсөткөн эмес. Үгүт эрежесине ылайык, ар бир жарнамалык материал үчүн талапкердин шайлоо фондунан акы төлөнгөнү ачык айтылышы керек.

Жумабековдун өкүлү социалдык желеге чыгарылган видеону бышыктап, кийин өчүрүлгөнүн айтты.

Жумушчу топ аталган талапкерге 7,5 миң сом айыппул салды.

Количество просмотров: 103