• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК депутат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

1 Чын куран 2021 11:57 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун (КСДП) ыйгарым укуктарын токтотту. Мындай чечим бүгүн, 1-апрелде кабыл алынган.

Маалымат боюнча, Токтом «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

УКМК 19-мартта депутат А.М.А. мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген болчу. 26-марттагы маалымат жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Марат Аманкуловго мыйзамсыз баюу беренеси менен иш козголгонун, ал чыгымдын кайсы бир бөлүгүн төлөгөнүн айткан.

Количество просмотров: 69