• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БШК депутат Султанбай Айжигитовдун мандат маселесин карап жатат

28 Жалган куран 202515:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча УКМКнын кайрылуусун карап жатат.

Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп «Ыйман нуру» партиясынан шайланган.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, депутаттын талапкерлигин каттоодон баш тартууга УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу негиз болууда. УКМКнын бөлүм башчысынын маалыматы боюнча, 2018-жылы Султанбай Айжигитовго карата бейбашчылык боюнча айып тагылып, эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынган. Кылмыш иши Сокулук райондук сотуна жөнөтүлүп, ал 2020-жылы аны күнөөлүү деп тапкан жана бул өкүм 2021-жылы өзгөргөн эмес. Сот аны күнөөлүү деп тапкан, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Жыйынга Айжигитов өзү да катышып жатат.

Эске салсак, депутат Айжигитов 5-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге карата өз пикирин билдирип, бир катар сунуштарды айткан. Андан кийин ал «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.

Парламенттин 19-марттагы жыйынында Камчыбек Ташиев Айжигитовго байланыштуу да бардык маалыматтарды факт менен топтогонун айткан. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу БШКга маалымат берүүгө милдеттүү экени мыйзамда жазылганын, бул тууралуу маалыматтар аныкталган чакта депутат мандатынан ажыратыларын кошумчалаган.

Количество просмотров: 279