Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 23 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, БШК 19 өлкөдөн 9 эл аралык уюмдардан 78 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
«Өлкөдөгү Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн — 1 байкоочу, шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнөн — 1 байкоочу, Молдова БШК — 2 байкоочу, КМШ ПАА — 34 байкоочу, КМШ миссиясы — 4 байкоочу, Азербайжан БШК — 1 байкоочу, ЕККУ ДИАУБ — 33 байкоочу, РФ БШК — 1 байкоочу, К. Аденауэр атындагы фонддон — 1 байкоочу катталды», — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 10-январда өтөт.