• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

БШК эл аралык байкоочуларды чакырды

9 Аяк оона 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган шайлоого байкоо салуу үчүн үчүн эл аралык байкоочуларды чакырууда. Чакыруу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Европа коопсуздук келишими уюмунун Адам укуктары боюнча бюросуна (ЕККУ БДИПЧ), Ислам кызматташтык уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине, Дүйнөлүк, Азия жана Европа шайлоо органдарынын биримдигине жөнөтүлдү.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2017-жылдагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн 59 өлкөдөн 700дөн ашуун байкоочу каттоодон өткөн. 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 43 өлкөдөн 300гө жакын, 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана референдумга 44 өлкөдөн 330дай, ушул эле жылы референдумга 31 өлкөдөн 200гө жакын байкоочу катталган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан турат. Депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 42