• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК «Фейсбуктагы» саясий жарнаманы көзөмөлдөөнү максат кылууда

8 Аяк оона 2020 17:38 Бишкек Govori.TV

БШКнын жетекчилиги менен Фейсбук социалдык тармагынын өкүлдөрү онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдириди.

Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавит Канхи баштаган Facebook делегациясы социалдык тармакта саясий жарнактарды жайгаштырууну талкуулаган.

«Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет. Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилшүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Жымжырттык күнү социалдык жарнама жайгаштырууга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу сураганыбызда Facebook өкүлдөрү бул азырынча жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдаштык»,-деди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 65