БШК 30-августтагы отурумунда өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты.
Ал мандатынан баш тартуу боюнча арызын Боршайкомго 30-августта арыз берген.
Ал эми анын бош калган мандаты “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге берилиши мүмкүн.
Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу экенин айткан.