• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

БШК Камчыбек Жолдошбаевди шайлоого катышуу укугунан ажыратты

18 ноября 2021 в 21:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди. Мындай чечимди БШК 18-ноябрда кабыл алды. Анда Боршойкомдун 11 мүчөсү добуш берди.

Буга чейин УКМК Жолдошбаевдин ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалганын кабарлаган. Анын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталганы айтылган.

Кийин УКМК аталган факты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдогон болчу.

Количество просмотров: 3190