• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БШК: Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4 миллиондон ашты

10 Жетинин айы 202418:16 Бишкек Govori.TV

КР Боршайкому 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын жалпы тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Боршайком өзү маалымат жарыялады.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме» порталында жайгаштырылды — https://tizme.gov.kg/.

Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара иштешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт.

Биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 4 135 039, анын ичинен 2 000 528 эркектер жана 2 134 511  аялдар же 48,38% жана 51,62%  .

Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 14-ноябрына чейин 2437 шайлоо участокторунда илинет.

Эске сала кетсек, буга чейинки шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны 3 млн. 700 миң эле. Бирок шайлоолорго катышуу убакыт өткөн сайын солгундап бара жатканы да белгилүү.

Количество просмотров: 156