• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

БШК Мадумаровду мандатынан ажыратты

26 Чын куран 2024 17:03 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги отурумунда тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүн аткаруу маселесин карады.

Жыйында Боршайком өкүмдүн негизинде Мадумаровду мандаттан ажыратуу чечимин чыгарды.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечиминин күчүнө киргенине 30 күн болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко даттанган эмес.

Количество просмотров: 216