• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тартты

21 Үчтүн айы 2022 0:25 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты. Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду.

Боршайкомдун документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу берген сунушту БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Ушул меселенин тегерегинде Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган болчу.

Количество просмотров: 946