Борбордук шайлоо комиссиясына Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплому тууралуу маалыматтар келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Боршайком маселени бүгүн карай турганы белгилүү болду.
Буга чейин атайын кызмат парламенттик шайлоо учурундагы текшерүү иштеринде Нарматованын окууга которулушундагы мыйзамсыздык болгонун маалымдаган. «Окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган» деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.
Диплом боюнча УКМКда сурак берип чыккан Нарматова атайын кызматтын айыптоосун четке кагып, жогорку билими тууралуу диплому мыйзамдуу экенин билдирген.