• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

БШК шайлоо өткөрбөй жатып, 30 миллион короткон

18 Кулжа 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен парламенттик шайлоону бирге өткөрүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.

«Жогорку Кеңештин шайлоосу менен жергиликтүү кеңештердин шайлоосун бирге өткөрүүнү сунуштайм. Эгерде эки шайлоо бирге өтсө канча каражат үнөмдөлөт?» — деди депутат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрүү үчүн 56 миллион сом каралганын жана 30 миллион сомго жакын каражат пайдаланылганын айтты.

«Эки шайлоону чогуу өткөрсөк үнөмдөө болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин шайлоосуна 560 миллион сом каралган. Бирок бул жерде маанилүү башка нерселер да каралышы керек», — деди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 112