• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

БШК Текебаевге мандатын кайтарган жок

12 Тогуздун айы 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда БШК саясатчы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн жазган арызын карады.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, сунуш кылынган чечим кесиптештери тарабынан кабыл алынган жок.

«Биз бул маселени БШКнын жок дегенде сегизден кем эмес мүчөсү менен кабыл алышыбыз керек. Бүгүн ошол себептен тиешелүү добуш жеткен жок. Арызды БШКнын толук курамы менен дагы карайбыз. Мандатты өткөрүп берүү үчүн бош мандат керек, ошол үчүн негиз болгондо караксак деген чеимге келдик»,-деди Бекматов.

Эске салсак, Текебаев 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылы соттолгон. Анда сот саясатчыны 8 жылга камоо боюнча өкүм чыгарган. 2020-жылдын август айында Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайрадан кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Кийин райондук сот Текебаевди үй камагына чыгарган.

Ал эми Текебаев мандатын Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин кайтарып алууга бел байлады. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтына чогулуп, аны жокко чыгарууну жана президенттин отставкасын талап кылышкан. БШК 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жокко чыгарды.

Түз эфир: БШК Текебаевдин мандатын кайтарып алуу боюнча арызын кароодо

Опубликовано Govori TV Понедельник, 12 октября 2020 г.
Количество просмотров: 342