Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгуу тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды.
«Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партиялары бул шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган жана ал 16-июлда колдоо тапкан.
Бирок «Бирге-Вместе», «Эл Биримдиги» жана «Патриот Ынтымагы» партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапты.