• Жекшемби 23 Кулжа 2024
  • Воскресенье 23 Июнь 2024

БШК Жамгырчиевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

2 Бирдин айы 2024 11:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда БШК Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселени карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын күн тартибинде жазылган.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Количество просмотров: 88