Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, көпчүлүк добуш менен Кыргыз Республикасынын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 21-январда расмий жыйынтыкты окуп берди.
Анын айтымында, добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.
«Өлкө башчынын күбөлүгү, штандарт жана төш белги Жапаровго 28-январда тапшырылат»,-деди Шайлдабекова.
БШКнын төрайымы шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер Жапаров президент болуп шайланганын, бул протоколго БШКнын мүчөлөрү кол койгонун кошумчалады.