• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

БШК жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 179 ЖМКны каттады

12 Жалган куран 202117:17 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн 12-марттагы жыйынында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 179 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет басылмасын аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Боршайкомдон билдиришкендей, алардын ичинен 115и ЖМК, 64ү интернет басылмасы.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 157