• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

БШКга КТРКнын үстүнөн арыз түштү

28 Бештин айы 2020 9:49 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына КТРКнын үстүнөн арыз түштү. Маалыматты Govori.TVга БШКга арыз менен кайрылган Дастан Бекешев тастыктады.

Эл өкүлү арызда КТРКнын мурдагы башкы директору Кыяс Молодокасымов 23-декабрда кечки саат 19.00дөн 20.00гө чейин кечки эфирде президенттик башкаруу формасына үгүт жүргүзгөнүн көрсөткөн. Бул видео YouTube сайтында жайгаштырылган. Дастан Бекешев бул мыйзам бузуу болгонун белгилеп, каналдын жетекчилигин жоопко тартууну өтүнгөн.

«Президенттик башкаруу боюнча колдоо иретинде үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Теңсиздик жокко эсе. Эфирге атайы президенттик башкарууну колдогон эксперттерди чакырып, бир тараптуу көрсөтүп жатышат»,-деди депутат Бекешев.

Теги:
Количество просмотров: 74