• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШКнын алдына чыккандар бийликке эки күн убакыт берди

29 Жетинин айы 2021 16:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болуп, БШКнын алдына чогулган партиялар бийликке 2 күн убакыт берип тарап кетишити.

Оппозициячыл партия өкүлдөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, иликтөө жүргүзүү талабын коюшту.

«Биз бийликке 2 күн убакыт беребиз. Шайлоону жокко чыгарып, Боршайкомдун мүчөлөрүн отставкага кетирсин жана аларды жоопко тартсын. Ошондой эле бул шайлоонун коопсуздугуна коркунуч кетирген Министрлер кабинети кетсин. Тез арада кайра шайлоо жарыялансын!»,-деди “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого барган Али Токтакунов.

Буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Бул айрым партялардын нааразычылыгын жаратууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

Количество просмотров: 1877