• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БШКнын курамын азайтуу боюнча мыйзам долбоору I окууда жактырылды

10 Жалган куран 202611:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап чыгып, жактырды.

Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабировдор демилгелеген.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоорлору шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Долбоордо БШКнын мүчөлөрүнүн санын 12ден 8ге чейин кыскартуу сунушталууда.

Сыдыгалиев экинчи окууда БШКнын курамын 8 мүчөдөн түзүүнү караган өзгөртүү сунушталарын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутат Гүлнара Акимбаева БШКнын курамы маанилүү маселелер боюнча добуш берүүдө «добуштардын теңдиги» кырдаалынан качууга тийиш экенин белгиледи. Ошондой эле өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун камсыз кылып, комиссиянын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуусу зарыл.

Ал эми Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда БШК мүчөлөрүнө карата так критерийлерди жана талаптарды жазуу зарылдыгын белгиледи.

Кубанычбек Самаков БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровго суроо берип, комиссия сунушталган курам менен өлкөдө шайлоолорду натыйжалуу өткөрө аларына кызыкты.

Шайназаров мыйзам долбоорунда сунушталган комиссиянын түзүмү шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин айтты.

Теги:
Количество просмотров: 95