Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйыны уланды. Түшкү танапистен кийинки жыйын өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү менен башталды. Анда бир нече мыйзам долбоорлору каралды.
Жыйында кворум жок болгондуктан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн шайлоо эртеңкиге калды.
Белгилей кетсек, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 16-октябрда БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна башка мүчө шайланышы керек.