• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК бүгүн Азиз Суракматовду, Бишкек шаарынын мэрлигине бекитти

13 Баш оона 2018 18:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018. Govori.TV.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди. Бул туурасында БШК аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.

КРнын БШКсы  8-августта өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэринин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.

Бишкек шаарынын мэри болуп Суракматов Азиз Эмильбекович шайланды. Бишкек шаарынын мэри кызматына көпчүлүк коалиция тарабынан 1 талапкер көрсөтүлүп, талапкер катары катталган.

Бишкек шаарынын мэринин шайлоосуна Бишкек шаардык кеңешинин жалпы 45 депутатынын 44тү катышып, добуш берүүдө талапкер А.Э. Суракматовго 43 депутат “МАКУЛ”, 1 депутат “КАРШЫ” добуш беришкен.

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берет.

Жаңы шайланган Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Количество просмотров: 2