• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Авариядан улам апасынан ажыраган 1,8 жашар наристе бутунан айрылды

12 Бирдин айы 2018 16:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02.2018. Govori.TV.

Бишкекте эки унаа сүзүшуп, наристени апасынан ажарыткан аз келгенсип, бутунан да айрылтты.

Бишкек шаарында эки унаа сүзүшүп, алардын бири жолдо баласы менен бараткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 9-февраль күнү болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, баласы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Кызды тез жардам менен абдан оор абалда алып келишкен. Ал дароо эле операцияга жаткырылды. Консилиум өткөрүп, баланы сактап калыш үчүн бутун ажыратканга, доктурлар мажбур болду»,-деп кабарлашты саламаттыкты сактоо министрилигинен.

Азыр кыз чоң энеси менен реанимация бөлүмүндө жатат.
Количество просмотров: 30