30-октябрда саат 18:00 дө 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.
Жалпысынан болуп 589 талапкер көрсөтүлдү, алардын 365и эркектер болсо, аялдар — 224 түзөт.
Бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.