• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бурма-Сууда жүргөн сел картошка талааларын алып кетти

14 Теке 202214:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, картошка талааларын алып кетти. Бул тууралуу Govori.TVга жергиликтүү тургундар билдирип, видео жөнөтүштү.

Маалым болгондой, 13-июль күнү сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандар менен сел сууларын тазалоо иштери жүргөнүн билдирди.

Количество просмотров: 648