• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бурулайдын иши боюнча айыпталган милиционерлерге өкүм чыкты

9 Чын куран 2019 18:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.

Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине судья өкүм чыгарды.

И.Иманалиев. Э.Кадышев. М.Макеев. Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси «шалаакылык» менен айыптуу деп табылып, акчалай айып салынды. Соттолуучулардын ар бирине 260 миң сомдон айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери З.Байтереков менен З.Айткожоевдин иши тосмо арыздын негизинде өндүрүштөн кыскартылды.

2018-жылдын 11-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов 20 жылга ал эми Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылган.

Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене «шалаакылык» боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев болушкан.

Количество просмотров: 4