• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бурулайдын өлүмү боюнча иштен алынган Марлис Асанов Талас ОИИБге жетекчи болду

18 Бирдин айы 2021 17:04 Бишкек Govori.TV

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Чүй облустук милициясынын орун басары Марлис Асанов Талас ОИИБнин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Асанов мындан эки күн мурун дайындалып, бирок расмий түрдө ишине кирише элек.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында 19 жашар Бурулай өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 23 милиция кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылып, алардын 13ү иштен бошотулган. Алардын арасында Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев дагы болгон.

Количество просмотров: 749