БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси төрт журналистке карата Ленин райондук сотунун өкүмүнө тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү уюмдун сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, жети журналист акталып, ал эми Махабат Тажибек кызы 6 жылга, Азамат Ишенбеков 5 жылга эркиндигинен ажыратылса, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаровго үч жыл пробацияда өтөөгө өкүм чыккан.
БУУнун кеңсеси Кыргызстандын бийлигин бул чечимди кайра карап чыгууга чакырды.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Темиров Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлору менен кызматташкан 11 журналист кармалган. Аларга 278-берененин “Массалык баш аламандык”, 3-бөлүм “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” боюнча айып тагылган. Айыптоочу журналисттерди алты жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Бир катар эл аралык уюмдар соттун бул чечимин айыптады. Британия менен АКШнын элчиликтери да тынчсыздануусун билдиришти.