БУУ адвокат Самат Матцаковдун камалышы боюнча реакция жасады.
Укук коргоочулардын абалы боюнча БУУнун атайын докладчысы Мери Лолор жактоочу Самат Матцаковдун бийлик тарабынан кармалышы боюнча билдирүүсүн Х социалдык тармагына жазды.
«Бул камоонун жана адилет соттук териштирүүнүн процессуалдык кепилдиктерин ачык бузуу болуп эсептелет. Адвокаттар кысымга алуудан жана куугунтуктоодон корголушу керек», — деди Лолор.
Эске салсак, адвокат Самат Матцаков 29-ноябрда кармалган. Анын айтымында аны кармаган иш түшүнүксүз алдамчылык тууралуу, ушу кезге чейин бул тууралуу так маалымат жок. Адвокаттын үйүн тинтүудө УКМК тергөөчүсү Матцаков жактоочу болгон ишкер Имамидин Ташовго байланыштуу диктофон менен дисктерди алып койгон.
Самат Матцаков 30-декабрга чейин СИЗОго камалган. Анын кесиптештери, укук коргоочулар адвокатка карата мындай мамилени айыптап чыгышты.
Матцаков адвокат катары ишкер И. Ташовду жана акын Аскат Жетигенди коргоп келген.