• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

БУУ Кыргызстан демилгелеген резолюцияны кабыл алды

15 Теке 202412:48 Бишкек Govori.TV

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул резолюцияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тышкы саясатынын гармониялуу уландысы дешти.

Аталган резолюциянын максаты чакан же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттердеги адам укуктарына байланышкан маселелерди жакшыртууну көздөйт. Ошондой эле Бишкектин эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамиле түзүүсүнө, өнүгүп келе жаткан, чакан, арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Документтин долбоорун Кеңештин мүчөлөрүнө Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов тааныштырган.

Теги:
Количество просмотров: 104