• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БУУ Тажикстанды «кыздык белгини» текшерүүгө тыюу салууга үндөдү

13 Жетинин айы 2018 19:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети Тажикстанды нике алдында «кыздык белги» боюнча тест тапшырууга тыюу салууга чакырды. БУУ мындай кемсинтүүчү тажырыйбага медициналык муктаждык жок деп эсептейт.
БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети «Тажикстан Үй-бүлө кодексинин нике алдында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү боюнча өзгөртүүлөрү» көбүнчө «кыздык белгинин» бар-жогун текшерүү үчүн колдонуларын жана бул айрым учурда өзүн өзү өлтүрүүгө алып келип жатканын белгилейт.
2016-жылы кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, нике алдында түгөйлөр милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүп, кан тапшыруусу керек. ЗАГС органдары мындай медициналык маалымкат болбосо, никени каттабайт.
БУУнун укук коргоочулары жана эксперттери «кыздык белгини» текшерүүнү зыяндуу салт деп атап, 21-кылымда «аруулук» адамдын адеп-ахлактуулугун аныктаган индикатор болбошу керек деп эсептешет.
Тажикстанда «кыздык белгини» текшерүү расмий түрдө жүргүзүлбөйт, бирок көптөгөн үй-бүлөлөр үйлөнүү үлпөт алдында бул тажрыйбаны колдонушат. Жыл сайын жүздөгөн кыздар өзүн жана үй-бүлөсүн уятка калтырбоо үчүн алдын ала «аруулугун» текшерүүдөн өтүшөт.
Количество просмотров: 26